www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, тестиер кечээтен бери изделип жаткан.

"12-июль күнү саат 20:40та Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш айылында Исфайрам дарыясына 10 жаштагы баланын агып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине ӨКМдин 12 кызматкери тартылып, жергиликтүү эл менен биргеликте издеп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтогон", — деп айтылат маалыматта.

Баланы издөө иштери бүгүн саат 07:30да кайрадан улантылып, ага Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14, тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан жети куткаруучу жана Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн 18 кызматкер, 38 жергиликтүү тургун тартылып, баланын сөөгүн табышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости