www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту. 

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун Тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу саналат.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Последние новости