www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунда Кожешкен дарыясына агып кеткен 1978-жылы туулган Дайырбек Базарбаевди издөө иштери уланууда.
Маалыматка ылайык, окуя 10-августта саат 18:00 чамасында Кожешкен жайлоосунун Кулп жерлигинде болгон. Баткен районунун Чоң-Кара айылынын тургуну Дайырбек Базарбаев Кожешкен дарыясына агып кеткен.
Бул факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, ошол эле күндөн тарта жаранды издөө иштери уюштурулган.
Учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, үч багытта — Зардалы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылы тарапта жүргүзүлүүдө.
Издөө иштерине катышкан кызматкерлерге Баткен РИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, иштер көзөмөлгө алынган.