www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 3-августта контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныкталган.

Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу кыргыз жараны 1 миллион 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости