www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда алдын ала маалымат боюнча, Баткенде 618 үй талкаланган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгым жана зыянды эсептөөдө.

"Облуста 618 үй талкаланып, анын 453үн кайра курууга болот. Ал эми 165 үйдү толук оңдоо керек", - дейт ал.

Алимбаев Баткендеги бардык мектеп директорлоруна эвакуацияланган балдарды эч кандай маселе жок мектепке орнотуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусундагы жабыркаган имараттарды, үйлөрдү тактоо боюнча ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости