www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан мобилизацияга байланыштуу аскердик комиссариаттар тарабынан изделип жаткан орус жарандарын Москвага өткөрүп бербейт. Орусияга кылмыш иши козголгон жарандары гана берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда, Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов.

ИИМ башчысы Казакстан менен Орусиянын ортосунда укуктук жардам көрсөтүү, соттолгондорду алмашуу жана кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишими бар экенин айтты.

"Эгер аскердик комиссариаттар издесе, бул аларды өткөрүп берүү үчүн укуктук негиз боло албайт", - деди министр.

Күн мурун Орусия аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү курактагы жарандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салышы мүмкүн экени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости