www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 27-сентябрдагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сурады.

Депутаттын суроосуна "булар кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоор", - деп жооп берди вице-мэр Орунтаев.

«Долбоорду өзгөртүү үчүн кайрадан кытай тарапка кайрылышыбыз керек. Ал эми курулуш учурунда биз үйлөрдү бузбай, муниципалдык жерди караган тосмолорду гана бузабыз», — деди ал.

Сатыбалдиев жалпы маалымат бербөөнү суранды.

«Сизге жооп берели десек, сөз бербей жатасыз», — деп зекиди Орунтаев депутатты.

«Иним, сен антип күпүлдөбө, башка жактан күпүлдө, бул Жогорку Кеңеш. Мен сага эскертүү берем, андай кетпе… Өзүндү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе мен сени сыйлатып алам…» — деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости