www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин ишин сындады.

Депутаттын пикиринде, аталган министрлик коррупцияга батып, ар бир чет өлөкөлүк жарандан акча алуу үчүн отурат.

«Мен дагы мигрант болгом. Силердин министрлик кандай иштеп жатканын жакшы билем. Силер чет элдик жарандарга жумушка орношууга уруксат берүү үчүн мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизейин деп жатасыңар. Бул үчүн ар бир чет элдик жарандан акча аласыңар.

Бизде 1 миллиондон ашык мекендешибиз талаалап жүрөт. Жыл сайын бийликке келген адамдар миграция маселесин чечебиз дешет. Бирок жыл сайын 18 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жарамдуу адамдар чет мамлекеттерге кетип жатышат.

Маселе муну менен чечилбейт. Силер жумуш орун түзүү боюнча өкмөткө сунуш беришиңер керек. Ички мигранттар дагы көбөйүп жатат. Мигранттардан 2021-жылы которгон акча ички дүң продукциянын канча пайызын түзгөнүн билбейсиз», - деди депутат.

Коргонбай Жусупбек уулу ошондой эле, учурда кыргызстандык атуулдар Орусиянын аскерине чакырылып жатканын айтып, министрлик бул багытта иш алып барышы керектигин эскертти.

«Бир күн дагы мигрант болуп көрбөгөн адам мигранттардын көйгөйлөрүн кантип чечет?

Мобилизациялоо, жарандык, сот маселелерин чечүү жолдорун билеби?

Биздин туугандар сыздап жүрүшөт, же жыргал жашоодон Орусиянын жарандыгын алышты беле? Бүгүн тоодой көйгөйлөр жаралып калды», - деп белгиледи депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости