www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында топтошкон балдар автоунааларга, анын ичинде милиция кызматкерлеринин унаасын таш менен ургулаган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрелге караган түнү болжол менен саат 01:35те милицияга Кызыл-Кыя шаарынын Новая көчөсүндө топтошкон балдар ызы-чуу салып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кызыл-Кыя шаардык милициянын башчысы ыкчам-тергөө тобу менен окуя жерине барганда, 60-70 бала колдоруна таяк кармап, таштар менен жол четинде токтотулган унаалардын терезелерин талкалап жаткандыгын көрүшкөн.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар милиция кызматкерлеринин автоунааларына таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабыркаган.

«Милиция кызматкерлери жаш балдардын бул кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан «Айгай» көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен», — деп билдиришти милициядан.

Окуядан кийин милиция көчөдө жүргөн 14 өспүрүмдү кармаган. Учурда алардын окуяга катыштыгы бар же жоктугу такталып жатат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости