www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашада үй-жайын таштап качууга болгон тургундарынын төрт миңге жакыны бүгүнкү күндө ар кайсы жактарда жашоого мажбур болуп жатышат. Бул тууралуу Баткен облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында  маалымат берип жатып билдирди.

“Туруктуу жашаган турак жайын таштап убактылуу чыгып кеткендердин саны 3781 адам деген маалымат бар. Көпчүлүгү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Баткен шаарындагы коллеждерде, мэрия уюштуруп берген убактылуу жайларда, туугандарынын үйүндө жашап жатышат”,- деди Жээнбеков. 

Тулаевдин айтымында, үйү толук күйүп кеткен 678 адамга элден атайын эсепке түшкөн каражаттан үйү бүткөнчө жашап туруу үчүн 200 миң сомдон бөлүнүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости