www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында «Лидер» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Баткен РИИБдин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана социалдык коргоо кызматкерлери биргеликте өткөргөн рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрү текшерилди.
Иш-чаранын алкагында дүкөн ээлерине жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки продукцияларын сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынары эскертилди.
Мындан тышкары, уурулуктун алдын алуу үчүн мүлктү коргоо, соода жайларына видеокөзөмөл орнотуу жана коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн өспүрүмдөргө кызмат көрсөтпөө зарылдыгы айтылды.
Мыйзам талаптарын бузган соода түйүндөрүнүн ээлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул жана башка административдик чаралар колдонулары эскертилди.
Рейддик иш-чаралар жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатында улантылат.