www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сай айылында Тажикстандын жарандары дарыядан шагыл таштарды алып чыгууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-мартта Тажикстандын жарандары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын сүрөттөлө элек тилкесине келип, атайын техниканын жардамы менен шагыл таш казып башташкан. Окуя болгон жерге келген Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери Тажикстандын жарандарынан шагыл таштарды казып алуу иштерин токтотууну талап кылган.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, кыргыз тараптын өтүнүчү менен тажик тарап майдаланган таштарды казып алуу иштерин токтотуп, чек ара бөлүгүнөн атайын техникаларын чыгарып кетти. Учурда кыргыз-тажик чек арасынын бул бөлүгүндө абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости