www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш убактылуу токтотулган

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында коопсуздукту камсыз кылуу максатында чек ара жаңжалы башталгандан бери адамдардын, автоунаалардын жана товарлардын өтүүсү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссиянын иши мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана активдерди алып кетүүнү улантууда.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости