www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Республикасы менен чектеш Көк-Терек айылындагы Достук-Ак-Сай унаа жолунда көпүрө бузулуп, каттам убактылуу токтотулду. Азыркы тапта аны биргеликте кайрадан калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат дагы берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматыбилдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 16:00дор чамасында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян (3-9-чакырымдар аралыгы), Сох-Кан-Зардалы (29-31-чакырымдар аралыгы), Коргон-Катран-Баул (0-15-чакырымдар аралыгы) жана Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы менен ушул эле жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган.

«Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №2 жана №13 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Баткен-Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости