www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын алгачкы алты айында Пакистанда жети журналист өлтүрүлдү. Бул рекорддук көрсөткүч экенин The Guardian гезити жазды.

Журналисттердин өлүмүн иликтеген гезиттин кызматкери Адил Жаваддын айтымында, алардын ичинен кеминде төртөөнүн өлүмү ишине байланыштуу болушу мүмкүн.

Жавад журналисттер өлкөдө кылмышкерлер жазага тартылбай, мыйзамсыздык өкүм сүргөн маалда өлтүрүлүп жатканын белгилейт.

Басма сөз эркиндигин жактаган Freedom Network уюму 2012-2022-жылдар аралыгында 53 журналист кесиптик ишмердигине байланыштуу өлтүрүлгөнүн, ошол эле мезгилде эки гана иш боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылганын эске салат.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Пакистан быйыл эки тепкичке төмөндөп, 180 орундун ичинен 152-орунга жайгашты. Иликтөөдө Пакистан журналисттер үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөлөрдүн бири экенин айтылган. Ал жакта жыл сайын үч-төрт кабарчы өлтүрүлөт. Бутага алынган журналисттер коррупция же мыйзамсыз соода иштерин чагылдырганы, кылмышкерлер жазасыз калып жатканы белгиленет.

Последние новости