www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин карындашы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун бир тууганы Тариэль дагы кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо кызматкерлерине таянып жазды.

Афтандил Сабырбеков жана башка бир катар шектүүлөр «Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылды. Кармалгандардын арасында президенттин карындашынын жигитинин бир тууганы Тариэль да бар.

Биринчи май райондук сотунун 8-июлдагы чечими менен Тариэл Сабырбеков 3-августуна чейин камакка алынган. Буга чейин ушундай эле чечим Афтандил Сабырбековго карата да чыкканы маалымамдалган.

Эскерте кетсек, президенттин инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Автандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.

 

 

Последние новости