www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-июлда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатканы белгилүү болду.

Ал баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Автандил Сабырбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылган.

Последние новости