www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши боюнча чечим чыгарды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бейшеналиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратуу менен мамлекетке 1,5 миллион сом төлөөгө милдеттендирилиди.

Эске сала кетсек, Бейшеналиев 2022-жылдын 29-сентябрында пара менен кармалган. Ал чет элдик студенттерди ЖОЖдорго киргизүү үчүн ири суммадагы акча талап кылган деп шектелген. Бейшеналиев өзү айыптоолорду четке кагып, бул акча долбоорго салынган инвестиция экенин билдирген.

Последние новости