www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев Европа табигый илимдер академиясынын (Europäische Akademie der Natürwissenschaften) академиги болду. Бул тууралуу академиянын билдирүүсүндө айтылат.

Академик жана ЕТИАнын анык мүчөсү наамын тапшыруу аземи 18-октябрда боло тургандыгы аныкталды.

Европанын табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөнүн илимий, интеллектуалдык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн бириктирет. Академиянын башкы кеңсеси Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан.

Уюмдун курамына дүйнөлүк маданияттын жана искусствонун өкүлдөрү, гуманитардык жана табигый илимдерге, билимге жана маданиятка зор салым кошкон белгилүү инсандар кирет. Раев биринчилерден болуп ЕТИАнын толук кандуу мүчөсү болуп шайланган алгачкы кыргызстандык болуп, анын ысымы академиянын энциклопедиясына киргизилди

Султан Раев Кыргызстандын көрүнүктүү адабият ишмерлеринин бири. Мамлекеттик иштер менен катар чыгармачылык менен алектенет. Раевдин чыгармалары ар кайсы тилдерде басылып чыгып, Азия менен Европада таанылган. 2022-жылдын 31-мартынан бери Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп саналат.

«Кыргыз жазуучусунун чыгармалары Европа мамлекеттеринин көптөгөн тилдерине которулган. Раевдин “Топон” романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта баш байгени алган. Ал ошондой эле Генрик Сиенкевич атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Анын "Ханышанын ыйы" драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында коюлган", — деп айтылат маалыматта.

2002-жылы Султан Раев ханышасы Елизавета IIнин жеке чакыруусу менен Букингем сарайында сыйланган. 2023-жылы анын «Кара» романы венгр тилинде жарык көргөн.

Последние новости