www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районунун Отуз-Ат жайлоосунан тик учак менен алып келинген келин Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-июль күнү саат 22:20 чамасында Отуз-Ат жайлоосунда 28 жаштагы А. кызы Н. аттуу келиндин абалы оорлоп жаткандыгы, тик учак керектиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жайлоого барчу автоунаа жолу жок болгондуктан тез арада келинге медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калууга жерине тик учак жиберилген.

“Бишкектен учкан учак менен дарыгерлер да барган. Алар келинге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, кайра борбор калаага учуп келишкен. Келин борбордогу төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Последние новости