www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы социалдык объекттерди курууда мамлекетке 38 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Баткен облустук прокуратурасы мамлекетке 38 млн сомдон ашуун зыян келтирилген фактты аныктады. Текшерүү көрсөткөндөй, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен 6 социалдык объекттеги (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштар үчүн жеке жактарга 38 млн 114 миң 608 сомду мыйзамсыз которуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен.
Тактап айтканда, Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 млн 695 миң 273 сом, Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 млн 761 миң 660 сом, Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 млн 678 миң 267 сом жана Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 млн 160 миң 94 сом, ошондой эле Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 млн 666 миң 267 сом жана Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 млн 153 миң 47 сом аткарылбаган иштер үчүн мыйзамсыз сарпталган. Жалпысынан 38 млн 114 миң 608 сом кымырылган.
Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Булак: NazarNews.kg