www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус империясынын тушунда жер талаш мамлекет арасында эмес, болуштуктар арасында болгон Орус императорлору улут арасындагы болуп жаткан чыр-чатак менен иши болгон эмес. Тескерисинче, чыр-чатактар болуп турганы Москва үчүн жакшы болгон. Себеби, алар эки элдин ортосунда калыс бийлик болуп чыга берген.

1865-жылы Оренбург губерниясынын карамагында Түркестан облусу түзүлөт. Ал 1867-жылы карамагында Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунан турган Түркестан губерниясына айланат. 1868-жылы Самаркан (1885-жылга чейин Зеравшан) облусу, 1876-жылы Кокон ханын каратып алган соң Фергана (Скобелев) облусу түзүлөт. Орус империясынын тушунда улуттук аймактык бөлүнүү болгон эмес. Азыркы Кыргызстандын аймагы төрт облуска чачырап кеткен:

1. Азыркы Баткен облусунун кээ бир аймагы Самаркан облусунун Хожент үйөзүнө 2 болуштук түзүшкөн;

2. Ош жана Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир аймактары Фергана облусунун Ош үйөзүндө 10 болуштук, Наманган үйөзүндө 10 болуштук, Анжиян үйөзүндө 10 болуштук, Кокон үйөзүндө 2 болуштук түзүшкөн.

3. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусу менен Тогуз-Торо району Жети-Суу облусунун Бишкек үйөзүндө (Кийин Нарын үйөзү бөлүнүп чыккан) 50 болуштукту, Каракол үйөзүндө 33 болуштугун дээрлик түзүшкөн.

4. Талас облусу Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата үйөзүндө 14 болуштук түзгөн.

Болуштук падышалык Орусиядагы административдик аймактык бирдик. Кыргызстанда болушту башкаруучу да болуш аталып кеткен. Кыргызстанда 1867-жылдын 11-июлда бекитилген «Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарындагы абал жөнүндө» жобонун негизинде аймактар үйөздөргө, үйөздөр болуштарга бөлүнгөн. Болуштар 1000-2000 түтүндөн турган. Столыпиндин реформасы боюнча Орусиядан жер которуп келгендерден өз алдынча «общиналар» түзүлүп, алар «кыштак болуштары» деп аталган.

Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир административдик биримдикке биригишине жол ачып, кезегинде жергиликтүү отурукташкан жана көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн. Болуш шайлоо эки баскычтан турган. Болушту шайлоодон мурун он, элүү башылар, старчындар дайындалуучу. 50 түтүн шайлоочудан бир элүү башы шайланган. Болушка шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен жүргөн. Болуш ошол элүү башчылардын курултайында 3 жылдык мөөнөткө шайланып, аскер губернатору тарабынан бекитилген. Болуштук кызматка адатта колунда бар адамдар көтөрүлгөн. Болуштар өкмөттүн жарлыктары менен сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, жер чатагын чечүү, жер, чабынды бөлүп берүү, салык салуу, жыйноо сыяктуу иштерди аткарышкан. Болуштук башкаруучуларга – болуш, болуштун талапкери (болуш өлсө анын ордун баса турган киши), песир (писарь) кирген. Болуш ишинин көбүн песири менен жүргүзгөн. Адатта песирлер орус улутунан болгон.

1922-жылдын 30-декабрында СССР түзүлүп, анын аймагында улуттук мамлекеттик бирикмелердин пайда болушуна өбөлгө түзүлгөн. 1922-24-жылдары Кыргызстандын көпчүлүк аймагы Түркстан АССРинин курамында болгон. 1922-жылы кыргыз коомдук ишмерлери Тоолуу облус аталган кыргыз элинин Кеңеш доорундагы алгачкы улуттук автономиясын түзүү далаалатын жасашкандыгы маалым.

Облустан мамлекетке чейин 1924-жылдын 14-октябрында Борбордук Азия элдеринин аймагын улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул чечимге ылайык Кыргызстандын аймагында Кара Кыргыз автоном облусу, Казакстандын аймагында Кыргыз АССРи түзүлгөн. Падышачылык болуштук бөлүнүш 1917-жылдарга чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин советтик негизде кайрадан уюштурулган.

Кыргызстанды башкаруу үчүн Жалал-Абад, Каракол-Нарын, Бишкек жана Ош округдарын түзүлгөн. Алсак, Кыргызстанда ал жылдары 4 округга баш ийген 72 болуштук болгон. Кара Кыргыз автоном облусуна мурдагы Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Бишкек, Нарын, Каракол үйөздөрү дээрлик бүт бойдон, Ош үйөзү, Анжыян үйөзүнүн 10 болуштугу, Наманган үйөзүнүн 10 болуштугу, Фергана облусунун Кокон үйөзүнөн 2 болуштук, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата үйөзүнөн 14 болуштук, Самаркан облусунун Хожент үйөзүнөн 2 болуштук кирген.

Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-катчылыгына Михаил Каменский, 2-катчысы болуп Жусуп Абдрахманов, облустун Ревкомунун төрагалыгына Иманалы Айдарбеков дайындалган. Облустук ревком оболу Ташкен шаарында жайгашып, 1924-жылдын декабрында гана Бишкекке көчүп келген.

Ошондон тартып Бишкек шаары - Кыргызстандын борбору болуп калды. 1925-жылдын 25-майында облустун аталышындагы «Кара» сөзү алынып салып, Кыргызстан Кыргыз Автоном облусу болуп расмий аталып калган. Кыргызстандын саясий жетекчилигинин өтүнүчүнө ылайык 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автоном облусунун ордуна Кыргыз Автоном Советтик Социалисттик Республикасын (Кыргыз АССРин) түзүү тууралуу чечим чыккан.

1927-жылы 7-12-мартта өткөн Кыргыз АССР Кеңештеринин Биринчи курултайында Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. Курултайда жалпыга бирдей окуу милдетин киргизип, араб алфавитинен латын арибине өтүү жөнүндө маанилүү чечим кабыл алынган.

1927-жылы 12-мартта Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумдун төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Курултайда Кыргызстандын өкмөтү түзүлүп - Эл Комиссарлар Кеңеши Совети төрагасы болуп Жусуп Абдырахманов дайындалган.

1929-жылы 25-30-апрелде Кыргыз АССР Кеңештеринин II курултайында Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери кабыл алынган. 1930-жылы жаңы админстративдик бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөн жана болуштуктар жоюлган.

СССРдин Кеңештеринин 8-курултайында СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынган. Кыргызстан бул Башмыйзамга ылайык, 1936-жылдын 5-декабрынан тартып Кыргыз ССРи болуп калган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости