www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ: Дүйшөмбү шаарында биргелешкен жыйын өттү

Бүгүн, 15-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин, коргоо министрлеринин Кеңешинин жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Комитетинин биргелешкен жыйыны болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

Жамааттык коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды да эске алып биргелешип реакция кылуу чараларын талкуулашты. Уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызмататштыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду, деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-2022-жылы ЖККУда төрагалык Армения Республикасына өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости