www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору эптеп чүргөлгөнүн депутат Мыктыбек Абдылдаев Башмыйзамдын авторлорунун бири Нурлан Шериповго түшүнүктүү кылып эле айтты.

Бирок ал түшүнгөн жок. «Мыйзады ким даярдаганын, качан даярдаганын, эмненин негизинде даярдалганын да билбейм» деп тултуюп, «2» алган окуучудай болуп трибунада турду. Бизди таңгалдырганы, ошол мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын Баткен облусуна, элине кайдыгерлиги болууда.

Баскынчылардын айынан азып-тозуп турган элдин көйгөйүн түшүнбөй, жылуу кабинетте отуруп алып, ар кайсы жерден көчүрүлгөн мыйзам долбоорунда маселе. Болбосо, өзгөчө кырдаалда жашап жаткан облустун макамы, анын экономикасын, өндүрүшүн, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча концептуалдуу стратегиялык мыйзам иштеп чыккандын ордуна «губернатор аппараттык жыйын өткөрөт» деп жазып барыштын, мурда аткарылбай калган иш-чараларды «уурдап» киргизе коюштун зарылдыгы барбы?

Минтип отурушса Нурлан Шериповго окшогондор элдин шоруна кала турган мыйзамдары менен Кыргызстанды аңга түртүп түшүргөнү калды окшойт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости