www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын чет өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалай Базарбаев Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болду. Аны менен катар эле БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп иштеп баштады;

Лира Сыдыкова — Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) башкы консулу;

Назарали Арипов — Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) башкы консулу;

Азамат Карагулов — Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Талант Султанов — Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын ээлешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости