www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктардын Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин аймакка жардам кылуу үчүн атайын эсепке которулган акчасы эч жакка жумшалган эмес. Каражат жабыр тарткан аймакты колдоого жана зыян тарткан элге жардам көрсөтүүгө чыгымдалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Мындай маалыматты ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсациялар, жолдор" деп аталган брифингде айткан.

Жунушалиев өлкөнүн ичинде жана чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар Баткен облусуна жардам кылуу боюнча демилге көтөргөнүн эске салды. Коммерциялык уюмдар да көмөк көрсөтүү ниетин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүн айлык акысын которушкан.

"Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин атайын эсебине 2,5 миллион сомдон ашык акча чогулган. Бүгүнкү күнгө чейин ал каражат эч жакка жумшалган эмес. Бул жумада акчаны эмнеге, кантип колдонуу тартиби аныкталат. Негизинен имараттарды, курулуштарды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, андан сырткары, чек ара жаңжалында жабыркап, зыян тарткандарга жардам кылууга кетет", — деп түшүндүрдү ал.

Брифингде буга чейин Жунушалиев баткендиктер үчүн жеңил конструкцияда 46, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү үчүн кирпичтен 36 үй курулуп жаткандыгын айткан эле. Мындан сырткары, социалдык объектилер — мектеп, бала бакча жана ФАПтар курулуп, оңдолуп-түзөлүп жаткандыгын билдирген. Турак үйлөр тартылган демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми социалдык объектилердин арбыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жана калыбына келтирилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости