www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абага көтөрүлгөн АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү

Бүгүн, 6-июль күнү түшкө жуук Орусиянын Камчатка жарым аралынын аймагынан жүргүнчүлөрү бар АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, байланыш үзүлгөн АН-26 учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта 22 жүргүнчү, анын ичинде бир бала жана экипаждын 6 мүчөсү бар болгон.

Учурда учакты издөө боюнча ыкчам иш-чаралар башталды. Учакты издөөгө тик учактар тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости