www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен шаарынын көчөлөрүндө 2023-жылдын 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Бул жазуулар бангизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар экендиги маалым. Баткен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 18-сентябрь күнү эрте менен Ош шаарынын үч тургуну аныкталып, Баткен шаарынан кармалды.

Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экенидиги  аныкталып, алардын экөөсү мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Бул жарандар синтетикалык баңгизатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан.

Жогорудагы факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости