www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндө 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык акы өсүп, номиналдуу көлөмү 31 994 сомду түзүптүр. 

Реалдуу айлыктын эң жогорку өсүү темпи Армения менен Кыргызстанда (114,7% — 114,6% болгону айтылат. Орточо номиналдуу айлык Кыргызстанда 31,9 миң сомго жеткен. Россияда 70,2 миң рублге чейинки көлөмдү түзгөн.

Бирок жалпы эмгек акынын көрсөткүчүн алганда, эң аз орточо айлык Кыргызстанда катталган. Тактап айтканда, Россияда 78 864 сом, Белоруссияда 55 100 сом, Казакстанда 67 868 сом, Армения 58 343 сом, Кыргызстанда 31 994 сом деп көрсөтүлгөн. 

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык быйылкы январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык көлөмү 32 146 сомду (362 доллар) түзүп, бир жылда 27,2 пайызга өстү. Анын керектөө баасынын индексин эске алганда реалдуу көлөм 13,2 пайызга жогорулаган. 

Бирок реалдуу караганда Кыргызстанда орточо айлык 32 миң сомду түзгөнүнө ишениш кыйын. Жогорку айлык десе жарашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости