www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” рестораны турган жерге келди. Бул тууралуу аталган мүлктүн ээлери билдирди. 

Эске сала кетсек, кечээ, 24-майда мэрия имаратты бузуу чечимин кабыл алган, анткени бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, имарат мыйзамсыз курулган. 

“Бүгүн бизге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү келип, жетекчилердин бирине телефон чалып, азыркы кырдаалды карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо, анда бардык күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну тапшырды”, - деп билдиришти ресторандын кызматкерлери.

Андан соң ресторандын ээси Кадича Бечелова жактоочулары менен Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жана башка муниципалдык кызматкерлердин үстүнөн арыз жазуу үчүн УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына барышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости