www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Борбор Азияны Орусияга санкцияланган товарларды реэкспорттоо үчүн жазалоого даяр эмес. Бирок, санкция киргизүүгө макул. Айтор, өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей абалда экенин айтышты.
Ушул аптада Евробиримдиктин элчилери Батыштын санкцияларына баш ийбеген же Орусия менен санкцияланган товарлардын соодасынын капысынан көбөйүшүн түшүндүрө албаган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө макул болушту.
Бирок Евробиримдиктин баары эле бул жакшы кадам болоруна макул эмес жана бул эң акыркы чара деп ырасташат.
Себеби, Германия баш болгон бир нече өлкө экономикалык кризисти башынан кечирип жаткандыктан, алар мындай механизм, Евробиримдиктин Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон мамилесине доо кетирип, алардын Орусия жана Кытайга жакындашуусуна үндөйт деп чочулашууда.
Мындан улам, "Өзгөчө Борбор Азияны, Путиндин колтугуна түртүп жиберүү коркунучу бар жазалоо чараларына түздөн-түз киришүүнү каалабайбыз. Бул биз каалаган нерсеге такыр карама-каршы келет ", - деди атын атагысы келбеген европалык дипломат.
Башкача айтканда, постсоветтик Борбор Азия жана Закавказье өлкөлөрү Евробиримдиктин бийликтеринин экинчи даражадагы санкцияларынан коркпостон, санкцияланган товарларды Орусияга реэкспортту коопсуз уланта алышат.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg