www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен каршылашып жаткан Киевге жардам көрсөткөн терезе өмүр бою ачык тура албайт. Бул тууралуу The New York Timesжазды.

"Олуттуу жеңиш болбосо Украинага көрсөтүлгөн батыштын көмөгү азайып, Киев жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аргасыз кылган кысымга тушугушу мүмкүн. Эгер Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуулу ишке ашпаса Батыш өлкөнүн аскердик потенциалын кыска убакытта калыбына келтирери күмөн", — деп айтылат макалада.

 

Басылма батыш мамлекеттеринде курал-жарактын запасы жетишсиз экенин белгилеп, ички өндүрүш Украина Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыгын кийинки жылга чейин канааттандыра албай турганын кошумчалаган.

Politico гезити АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы украин контрчабуулунун ишке ашпай калышына да тымызын даярдык көрүп жатканын жазды. Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Вашингтон контрчабуул ийгиликтүү болоруна ишеним артып жатканын, ал эми анын максаты, багыты жана убактысы "Украина президенти Владимир Зеленскийдин чечиминен көз каранды" экенин билдирген.

Ал арада 24-апрель күнү Харьковдун коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси бригадалык командир Сергей Мельник Украина Куралдуу күчтөрүнө киши менен аскер техникасы жетишсиз экенин айтып, чет элдик союздаштарын көбүрөөк курал-жарак берүүгө чакырган. Кечээ Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов Киев армиясы курал-жарак алары менен контрчабуулга өтөрүн, мындан улам союздаштардын ыкчамыраак кыймылдоосун өтүнгөн эле.

Украина Куралдуу күчтөрү майда контрчабуул жасашы мүмкүн экенин Politico 15-март күнү билдирген. Маалыматты америкалык жана украиналык бийлик да бир нече ирет тастыктаган. Foreign Policy журналы Украинанын депутаты Александр Устиновго таянуу менен 20-апрелде Киев контрчабуулдук мөөнөтүн керектүү курал-жарактын жоктугунан улам кийинкиге жылдырганын жазды.

The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча, АКШнын бийлик адамдары Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуул жасоого ок-дарысы жетишсиз экенин моюндап келишет. Контрчабуулду Батыштын артиллериясы менен танкаларысыз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости