www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын борбор шаарындагы борбордук базарлар менен соода түйүндөрүндө карантиндик чаралар күчөтүлөт. Ташкенттин бийлиги тараткан маалымат боюнча, мындай чечим атайын өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган.
Эми базардагы жана соода түйүндөрүндөгү жарандардын бет кап тагынганы катуу көзөмөлдөнөт. Ошондой эле дене табы текшерилип, антисептиктерди колдонуу зарыл.
Дезинфекциялоо иштери да улантылып, кызматкерлер бет кап жана кол кап менен иштеши керек.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-мартка караган суткада 111 адам коронавирус менен катталган. Бул акыркы айдагы чоң көрсөткүч.
Булак: NazarNews.kg