www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун 9 кабаттуу жаңы имараты курулат. Буга Катар мамлекети каражат бөлгөнүн академик Сабырбек Жумабеков айтты.

Айтымында, 15-мартта Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушуу орун алды.

"Жолугушуу учурунда элчи Катар өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун тогуз кабаттуу жаңы, заманбап технологиялар менен жабдылган имаратынын курулушуна 9 миллион 240 миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражат 100 пайыз грант түрүндө берилет. Насыя эмес, кайтарбайбыз. Элчи курула турган борбордун аянтын көрүп, курулуш иштеринин тез арада башталышына кызыкдар экенин белгиледи. Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин кошумчалады. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Катар элчилиги тарабынан өткөрүлүп, курулуш иши аяктаганга чейин Катар мамлекети көзөмөлгө алат.

Ал эми жер, документтер жана башка кагаздар мэрия тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эрте бүтсө, курулуш да эртерээк башталат", - деди Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости