www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жумада курала турган жаӊы өкмөттүн курамы 22 министрлик-мекемелерден 16га чейин кыскара турганын бүгүн өкмөт башчылыкка талапкерлиги Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициянынын жыйынында жактырылган Улукбек Марипов билдирди.
Ал бул тууралуу: «Бүгүнкү күндө өкмөттүн курамы абдан чачыранды. Бир топ вице-премьерлер бар. Эгер менин талапкерлигимди колдоп берсеңиздер өкмөттүн курамын, түзүмүн спикерге киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Анда өкмөт 22ден 16га чейин кыскарат. Өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, фонддор, мекемелер боюнча кардиналдуу реформалар жүрөт».- деди.
Маселен, Каржы министрлигине: Бажы, Салык кызматтары баштаган бир катара мекемелер бириктирилет. Бир сөз менен айтканда бул министрликтин курамы, түзүмү жана статусу да күчөтүлөт. Ал эми бул министрликтин макамы вице-пермьер министрдин деӊгээлинде болоору айтылууда. Бул тууралуу толук маалыматты өкмөт эртеӊ, бүрсүгүндөн баштап коомчулукка расмий түрдө жарыялап башташат. Бул абдан баалуу, абдан «майлуу» Каржы министрлигин Улукбек Карымшаков жетектей турганы маалым боло баштады. Карымшаков 2015-жылдан бери аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштейт.
Карымшаковдун өмүрү баяны төмөндө толугу менен:
Булак: NazarNews.kg