www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажычы бажырайып камактын көркүн ача баштады

Ички иштер министрлигинин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин уулун көпкөнүнөн төпөштөгөн бажычы Эмилбек Кимсановдун үстүнөн тергөө иштери башталды. Тергелип жаткан бажычы Эмилбек Кимсанов камакта да жөн жатпай тартипсиздик кылганы үчүн СИЗО -1ден СИЗО-50гө которулат деген каңшаар тарап кеткен. “Түрмө кожоюну” Мелис Турганбаевдин айтуусунда соттун чечими болмоюн СИЗОдон СИЗОго которулбайт.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алган. 

Издөөдө жүргөн Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүй облусунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости