www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-июнда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөн. Дал ушул жыйында Мирзиёев Сох анклавынын тургундары кызматтан кетишин талап кылган Фергананын жетекчиси Шухрат Ганиев тууралуу пикирин билдирип, Ганиевдин ишине баа берүүгө Өзбекстанда Мирзиёевдин гана укугу бардыгын, анын ишине башка бирөөлөрдүн сын айтканга акысы жок экенин маалымдаган. Бул тууралуу "Озодлик" жыйында жазылып алынган аудиожазууга таянып билдирген.
Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев: “Фергананын башчысы тажрыйбалуу, облус үчүн өтө чоң кызмат кылган, берилген адам. Мен облус башчысы тууралуу бир адам же миң адам ынсапсыздык менен ар кандай ушак айтса да ага өзүм гана баа берем. Өзбекстанда Ганиевге баа берүүгө башка эч кимдин акысы жок. Муну баарыңар эске алып койгула.
Шухрат Мадаминович, менин сунушум менен облус башчысы болуп жүрөсүз, сиз ошону эске алып, маселелерди чечүүңүз керек. Азыркы чыккан маселелерди ордуна коёбуз. Шухрат Мадаминович, эртең көрүшөбүз, жакшылап даярдык көрүңүз”, - деп айткан өзбек президенти.
Мирзиёевге жооп берип жаткан Фергананын жетекчиси 30 секундалык сөзүндө 6 жолу "урматтуу президент" деп кайталаган.
Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун ортосунда булак талаштан улам жаңжал чыккан. Буга чейин Сох районунун тургундары жаңжалдын чыгышына Шухрат Ганиевди күнөөлөп, таш бараңга алышкан.
Белгилей кетсек, Ш.Ганиев Сохтун тургундары бүтүндөй Фергананы уят кылып жатканын, керек болсо чек араны жаап саларын, жаңжалга катышкан 74 сохтукту камап коё турганын, районду картадан "чийип" коёорун айтып коркуткан.
Мирзиёевдин бул сөздөрү нааразы болгон Сох тургундарына чак түштө түшкөн чагылгандай эле тийээри бышык.
Булак: NazarNews.kg