www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас" аэропортунун жүк ташуучулары мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу маалымат Бажы кызматынын сайтына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, "Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып өтүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталган.
"“ЭМА” ААКтын дарегине Кытайдан транзит менен товар – оператордун жабык кабинасы менен аба кемесин тоңуп калууга каршы иштетүү үчүн машина жана АУО (абага учуруу орнотмосу) келген. Жүк “КММ” ЖАК УСКнын аймагында 10.12.2021-жылдан бери жайгаштырылган, сактоо мөөнөтү 09.02.2022-жылга чейин коюлган. Бирок, мөөнөтү аяктагандан кийин, товарды бажы жол-жоболоштуруу боюнча эч кандай операциялар жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 10 миллион сомдон жогору", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган факт боюнча материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.
Булак: NazarNews.kg