www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, телефон сүйлөшүүсү 45 мүнөткө созулуп, анда Орусиянын Украинага кол салуусу менен бирге аймактык абал жана Түркия-АКШ карым-катнаштары талкууланган.
Сүйлөшүүдө Эрдоган, кризистин тереңдеп кетүү ыктымалдыгына каршы Түркиянын эки тарап менен тең сүйлөшө алышын жана чечүүчү жол издөөдө көмөкчү болушунун маанилүү экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Түркиянын АКШдан 40 жаңы учак сатып алуу жана учурдагы F-16 учактарын модернизациялоону камтыган талабынын эң кыска мөөнөттө натыйжаланышын күткөнүн белгилеп, коргоо өнөр жайы жагынан Түркияга каршы киргизилген бардык адилетсиз санкцияларды алып салууга убакыт эбак жеткенин айтты.
Булак: NazarNews.kg