www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын парламент жыйынындагы “Бажы жана Салык кызматтары ачык эле айтышат: “пара бер, болбосо өткөрбөйбүз”, чек арада жүк ташуучу унаалардын бир бөлүгүн гана "ак" менен тариздөөнү сунушташат" деген сөзү боюнча комментарий берди.

Бажы кызматынын билдирүүсүндө төмөнкүдөй айтылат:

"2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин негизинде мүчө мамлекеттердин Бажы бирлигинин алкагында мүчө мамлекеттердин аймактарынын ортосунда товарларды эркин алып өтүү бажы декларациясын колдонбостон ишке ашырылат.

КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-августундагы №385-р буйругуна ылайык, Мамлекеттик бажы кызматына бажы контролун жүргүзүүнү токтотуу тапшырылган:

- Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында;

- Кыргызстан менен ЕАЭБге башка мүчө мамлекеттердин ортосундагы аба каттамдары учурунда аэропорттордо.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүдө бажы контролу жүргүзүлбөйт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, депутат Э.Сурабалдиеванын Бажы кызматынын дарегине айтылган «пара алуу жана чек арада «ак» менен тариздөө тууралуу» айтылган айыптоосу негизсиз болуп саналат".

Буга чейин депутаттын билдирүүсүн Салык кызматы төгүндөгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости