www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык илимпоздор Чанъэ-5 Айга конуучу аппараты чогулткан таштарда H2O (суу) бар экенин айтышты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Айга конуучу аппарат чогулткан таштарда суу болушу мүмкүн деген көрсөткүчтөр Жердеги иликтөөлөр менен тастыкталды.Жыйынтыктар Nature Communications журналында бул аптада жарыяланган макалада  бөлүшүлдү.

2020-жылдын декабрь айында Айга конгон космостук унаа  реголит деп аталган 1,7 килограммга жакын таш жана Айдын топурагын чогулткан. Өзгөчө чогулткан үлгүлөрдүн химиялык составын өлчөө үчүн борттогу кажараттар да колдонулду. 

Кытай Илимдер академиясынан бир группа  Чанъэ-5тин  Жерге алып келинген үлгүлөрдү иликтеп суу бар экендигин ырастады. Телескоп жана космостук байкоолор Айда суунун таштарда гидроксил же H20  түрүндө болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Илимпоздор келечекте Жердин спутнигин колониялаштырган астронавттардын өздөрүнө суу  жана  молекулалык кычкылтек  жана суу тек  чыгара аларын болжолдошууда.  

Последние новости