www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дубайга бир жумага “эс алганы” барган кыргыз кыздары жашына карап 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин иштеп келип жатышыптыр… Ошол себептен жаш эле кыздар машина минип, айфон 13 көтөрүп, ресторандардан башы чыкпайт экен. Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук. Өзгөчө "инстазвездалар" ушинтип жан багышат тура", - деген пикирин Кудрет Тайчабаров өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

-- Атазовду тепкилеп бүттүңөрбү? Эми мени тепкилегиле…Негизи, тыйындын аркы бети да болот. Ошону ойлоп коёлу…

Бул демилгени илгери эле Ыргал Кадыралиева сунуш кылган. Ал жыргаганынан сунуш кылган эмес. Москвада кыргыздын кыздары сойку болуп иштей баштаганын көрүп, Түркияда иштеген кыздардын 30 пайызы сойку болуп жатканын угуп, ушундай мыйзам сунуш кылган. "Так что", Атазов жаңылык кылган жок. Аны "герой да, антигерой да" кылбагыла!

Чынында түрк-араб өлкөлөрү кыргыздын кыздары оңой алданаарын билип калышыптыр. Түркияга көбү сойку болуп иштеш үчүн барганы илгери эле маалым болчу. Кече жакында бир жаңылык уктук. Дубайга бир жумага “эс алганы” барган кыргыз кыздары жашына карап 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин иштеп келип жатышыптыр…Ошол себептен жаш эле кыздар машина минип, айфон 13 көтөрүп, ресторандардан башы чыкпайт экен. Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук. Өзгөчө "инстазвездалар" ушинтип жан багышат тура…

Атазовдун мыйзамын колдобойм, албетте. Бирок ата-энелер кыздарын катуу көзөмөлгө алышы керек деп ойлойм. Кайсы акчага, ким менен чет өлкөгө барып келип атат. Кайсы каражатка машина сатып алып, айфон 13тү кантип алганын такалап сураш керек. Ата-энеси кызы эмне кылып жүргөнүн билбегени менен атайын кызматтар, чет өлкө менен иштешип жүргөндөр ушинтип эле угуп калат тура.

Блогерлик менен, ырчылык, актрисалык менен кыз кишиге Кыргызстанда ошончо акча табыш кыйын экенин да эстеп коюңуздар…Миң тепкилесеңер да, тилекке каршы тыйындын аркы бети ушундай…

Билип турам, азыр 18 жашка чыгып, өзүм билем деп шаарда өсүп калган, орусча тарбияланып калгандар, ошондой жашоо образына жакын жашап калган кыз-келиндер чабуулга өтүшөт, актанышып… Но алардын пикири - алардын пикири…

Дагы бир жолу айтам, мен мыйзамды сунуштоо туура деген жокмун. Кыз-балдарды мыйзам эмес, ата-энелер контролдош керек…, - дейт Кудрет Тайчабаров.

Жакынкы күндөрү инстажылдыздар кантип акчалуу, үйлүү болот - окурмандарга билдиребиз

 

Последние новости