www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын алдында АКШ, Түштүк Корея, Грузия, Араб эмираттарынан авто унаа ташыган ишкерлердин митинги өтүп жатат.

Алардын пикири боюнча, бажы кызматы эч бир эскертүүсүз салык системасына өзгөртүү киргизишкен. Анын арты менен унааны каттоо үчүн көрсөтүлгөн эсеп бир нече долларга өскөн.

«Буга чейин бажы кызматкерлери унааны киргизүүдө жеңилдетүүгө барышчу. Унаалар чек ара постторунда логистикалык кыйынчылыктар орун алгандыктан бир-эки айга кечигет. Бул негизинен мыйзамда бар, бирок аны колдончу эмес», - деп билдирди акциянын катышуучусу.

Нааразычылык акциясына алтымышка жакын ишкер катышып, аларга Бажы кызматынын өкүлдөрү чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кыргызстанда сырттан атайын авто унаа ташуучу 30 компания катталган. Аларда 500гө жакын кыргызстандык жумуш орду менен камсыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости