www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын полициясы жаш балдарды мыйзамсыз никеге турууга каршы күрөштүн алкагында уюштурган рейдде 2000ден ашуун эркек кармалды. Бул тууралуу NDTV каналы ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. 

Камакка алуулар негизинен Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында болгону белгиленген.

Жергиликтүү полициянын башчысы Гьянендра Пратап Сингх укук коргоо органдары жашы жете элек кыздарга турмушка чыккан 2169 адамды камакка алганын билдирди.

Мындан тышкары, 50 индус жана мусулман дин кызматчысы эркектерге 14 жашка чыга элек кыздарга үйлөнүүгө жардам бергени үчүн кармалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости