www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан "Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Жапония, Кытай, Орусия, Тажикстан, Израил жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду.Тбилисидеги А. Грибоедов атындагы орус драм театрынын артисттери “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. “Кыямат” романынан үзүндүсү грузин тилинде окулду.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган акцияны январь айында кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90- жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында баштаган. Бул долбоордун негизги максаты - улуу жазуучунун мурасын кеңири жайылтуу, жазуучунун чыгармаларын окуу маданиятын калыптандыруу.

Бул иш чарага каалагандар катыша алат. Ал үчүн видеого Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүнү жазып алуу шарт. Видеонун башында катышуучу өзү менен жана окуган, жашаган жери менен тааныныштырып кетиши керек. Видеону социалдык тармакка #Aitmatov# educationkg хэштегдери менен жайгаштыруусу зарыл.

Чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктарга ошол өлкөнүн тилинде үзүндүлөрдү окуу сунушталат.

Акция улуу жазуучунун туулган күнүнө карата 2018-жылдын декабрында аякталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости