www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда эл арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күзүндө кара бийликти Сооронбай Жээнбековдон тартып алат экен сөз желдей тарап жүргөнү талашсыз. Ошол эле учурда "Форум" тарап, айрым ММКлар "такталбаган маалыматтарды таратууда", деп ачыктады. Дегени менен мындай сөздөр айтылып жатканын саясатчы Эмилбек Каптагаев ачык жазып, УКМКга коңгуроо какты. 

--Жогорку Кеңештеги "Белизгейт" маселесинин тегерегиндеги талкууну карап отуруп Атамбаев улам бир саясатчыны чакырып алып: "... Жээнбеков кышка жетпейт, кышка жетсе да жаз менен иши бүтөт, мен аны жакшы билем, колунан эч нерсе келбейт, жазга мен даярдык көрүп атам, силер да даяр болгула..." - дегендей сөз айтып атат деген эл ичиндеги имиш-имиш чындыкпы деген ой келди. Башкы прокуратура менен Коопсуздук кызматындагылар дагы кандай болуп кетет деп кылчактап турганы ошондонбу дейм, не бар не жок деп. Болбосо "Жашыруун" деген тамганы өздөрү эле басышат, анан ошону алып коюш деле алар үчүн текейден арзан иш. Кайра кайра "жашыруун" деп шылтоолоп жаткандарында кеп бар, деп жарыя кылды Эмилбек Каптагаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости