www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооруларды дарылоодо бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кымызды пайдалануу байыртан эле белгилүү. Кымыз менен дарылоо Кыргызстан, Казакстан жана башка жерлердеги санаторийлерде кеңири жүргүзүлөт.
Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алар майлуулугу боюнча бээнин сүтүнөн жасалган кымыздан алда канча айырмаланып турат. Организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын артыкчылыгы бар.
Кымызда А, В, С витаминдери, сүт кислотасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болуп, алардын көптүгү жылкы оттогон жайытка жараша болот. Кымызды ичкенден кийин ичеги-карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ал себептен аны ачкарын ичүүгө болбойт, анткени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым ичеги-карын ооруларынан жапа чегип жүргөндөр, адегенде көп өлчөмдө ичсе терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кымызды кичинеден, өлчөмүн улам күн өткөн сайын жогорулатып, жакшы сиңимдуү, эт-аштуу, аш болумдуу тамак-аш менен ичүү пайдалуу.
Булак: ШАМБАЛА