www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президенттин камабай эле мамлекетке келтирген зыянды төлөтөлү деген аракетин башкалар туура эмес кабыл алып, кылмыш жасап, акча берип кутулуп кетебиз деген түшүнүк калыптанып калса эмне болот деп санаркап жатышат», - деди бүгүн, 5-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.
- Бейшенбек мырза, тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди. Эми камакка алуу кезеги сотторго да жеттиби?
- 30 жылда бүт бийлик чирип, коррупция, каралар аралашып кеткен. Эми бүт тармакты тазалаш керек. Сот бийлигине кезек келгени жакшы болду. Соттор да чектен чыгып, билгенин жасап, элдин убал сообун ойлобой калышкан. Соттордун мыйзамсыз иш аракети менен күрөшүүнү Жогорку соттун төрайымынан баштаганы эң туура болду. Соттор өздөрүнүн кызмат ордун аукционго, бизнес борборго айлантып алышканын элдин баары эле билет. Алар ким көп акча берсе, ошол тарапка ыңгайлуу чечим чыгарып бергенди адатка айлантып алышкан. Ошон үчүн соттордун өздөрүн соттош керек. Ошондо гана башка сотторго сабак болот.
- Камчы Көлбаевдин эркиндикке чыгышы да эки ача пикирлерди жаратууда. Көлбаевдин эркиндигин акча менен өлчөнгөнү туура эле болдубу?
- Негизи мыйзамсыз байыгандарды камап, акчасын алып кайра коё берип жатышат деп сындагандар арбын. Президенттин камабай эле мамлекетке келтирген зыянды төлөтөлү деген аракетин башкалар туура эмес кабыл алып, кылмыш жасап, акча берип кутулуп кетебиз деген түшүнүк калыптанып калса не болот деп санаркап жатышат. Ошон үчүн акчасын дагы төлөтүп, сабак боло тургандай кылып камаш да керек.
Булак: NazarNews.kg