www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек арага жалаң чек ара кызматкерин жашатуу керек», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек байке, кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кийин чек арага жакын жайгашкан аймактарга өзгөчө макам берип, чек арачы деген статуска ээ кылып, кошумча -курал-жарак бериш керек деген сунуштар айтыла баштады. Чындап эле чек арага чектеш жашаган айылдарга курал берсек, алар чек араны да, өздөрүн да коргойбу?

- 30 жылдан бери чек арага ошол жерде жашаган жергиликтүү элден армия түзүп койсок болмок. Эл жумуш жоктун айынан Россияга мигрант болуп кетти. Ошол жактан тапкан акчаны бул жерден эле таап берсек чек арабыз бекемделип, кечээгидей жагдай жаралмак эмес.

Тагыраагы, жаштарды армияга алганда жаштарды атайын чек ара кызматына алып, үйрөтүп алганыбызда 30 жылдан бери профессионал армия түзүлүп калмак. Ошондой эле, чек арага жалаң чек ара кызматкерин жашатып, жеңилдиктерди берип, бекер үй менен камсыз кылып, койгонубузда азыркыдай кооптонуу болмок эмес. 

Эми деле чек арага жакын жайгашкан аймактагыларга өзгөчө макам берип, аларды жер салыгынан, кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуп, ипотека менен бекер үй берип, өндүрүштү жандандырып, иш каналарды ачып, элди жумушчу ордун камсыз кылып, 10 бала төрөп, чек арачылардын санын көбөйткөн энелерге 200-300 миңден эне фондуна акча которуп, аларга стимул берүүгө жетишишибиз керек.

Ошондой эле, үйүн саткан кыргыз-тажиктердин үйүн мамлекет кымбат баада сатып алып, чек арага чектеш жашаган айылдын тургундарын атайын окуудан өткөрүп, курал-жарак кармоону, чек араны сактоонун жолдорун үйрөтүп, машыгуулардан өткөрсөк, курал кармаганды өздөштүрүп калгандарына курал беришибиз керек.

- Бирок, ал курал максаттуу пайдаланылбай калса кантебиз дегендер да четтен чыгып жатат го...

- Куралды үйүндө эмес чек арачылардын аскер бөлүктөрүндө сактатып, туура эмес жакка колдонуусуна тыюу салышыбыз керек. Ошондо гана тартип болуп, курал максатсыз пайдаланылбайт.

- Баса, былтыр чек арадагы чырда үйү өрттөлгөн Тажикстандын оор беренелери менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынган Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитовду Россиядан Тажикстанга экстрадициялоону суранып жатышыптыр. Мындай учурда мамлекет кандай аракеттерди көрүшү керек?

- Эсенбай Мажитов кыргыз жараны. Ошондуктан, аны тажиктерге бербеш керек. Чындап мыйзам бузуп, оор беренелер менен иш козгой турган иш кылса, кыргыз жараны Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен соттолушу керек.

Бирок, басма сөз каражаттарына чыккан маалыматтарга караганда ал жигит мыйзам бузбай эле талаштуу жерде жашаганы үчүн ошондой абалга кептелип, тажиктер жок жерден кылмыш ишин козгогон деген маалыматтар айтыла баштады. Кандай болгон күндө да, Кыргызстан өз жаранын өзү тергеши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости