www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамырдагы жол кырсык болгон жерден 614 миң 200 сом табылган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Башкармалыктан милиционерлер 840 миң сом таап алган деген маалыматты төгүндөштү. Кечээ, 26-майда, болгон жол кырсыктан эки эркек, эки аял жана бир бөбөк мерт болгон.

Милиционерлер кырсык болгон жерди карап протокол түзүшкөн. Каза болгон 58 жаштагы З.З. аттуу аялдын жанынан документтери жана 17 миң сом, 29 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочунун жанынан документтери менен 13 200 сом табылган.

58 жаштагы К.Р. аттуу жаран отурган унаанын алдыңкы отургучунан табылган кара барсетканын ичинде 594 миң сом болгон.

Акча каражаты окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин милицияда болот. К.Р. аттуу маркумдун туугандары анын жанында 600 миңдей сом болгонун билдиришкен.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости